Новости

«Росинбанк». Аманат ачып кирешеңизди көбөйтүңүз

26 сентября 2018

Күз келди. Жыйым-терим маалы. Түшүм сатып, андан түшкөн акчаны кантип сактоону билбей жатасызбы? “Росинбанк” ушул жылдын сентябрь айынан тарта ыңгайлуу жана кирешелүү аманаттарды сунуштайт. 

“АР БИР КАРДАР ӨЗҮНӨ ЫҢГАЙЛУУ АМАНАТ ТҮРҮН ТАНДАП АЛСА БОЛОТ”

“Росинбанктын” кардарлар менен өз ара мамиле башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Садыкова калктын бардык катмарына ылайыктуу жана ыңгайлуу аманаттар бар экенин, алар үчүн жогорку пайыздык чендер кошулуп берилерин айтты. 

– Жылдыз айым, саламатсызбы? Айтсаңыз, аманаттын жаңы түрлөрүн ишке киргизип жатканыңыздардын башкы себеби эмнеде?

– Саламатчылык. Бизде атайын жаңы аманаттарды чыгара турган адистер бар, алар мониторинг жүргүзүп, элге кандай шарттагы аманаттар ыңгайлуу экенин аныкташкан. Анын негизинде учурда аманаттын 4 жаңы түрү ишке кирди. Алар “Камкордуу пайыз”, “Премиялык пайыз”, “Пенсиялык сактык” жана “Чоң пайыз”. 

– Эми ар бирине кыскача токтоло кетсеңиз.

– “Камкордуу пайыз” аманаты мигрант жакындары бар адамдар үчүн ыңгайлуу. Статистика боюнча Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө мигрант бар. Замандаштарыбыз чет жерге эмнеге кетишет? Каражат чогултуп, аны керекке жаратуу үчүн да, туурабы? Акча которуп, чогултууда ыңгайлуу болсун деп биз атайын ушул аманаттын түрүн иштеп чыктык. Жакындары чет өлкөдө болгон кардар ал жактан акча которуу алат да, ошол каражатты биздин банк аркылуу кабыл алып, дароо аманатка которуп койсо болот. Аманаттын бул түрүндө салынган акчага эгерде валютасы сом болсо 10,7 пайыз, эгер кардар ай сайын баштапкы сумманы толуктап турса, чыгарып алуу мөөнөтү келгенде ага дагы 2 пайыз кошулуп берилет. “Росинбанкта” каражат которуунун дээрлик бардык системдери аркылуу акча алууга болот. 

– “Пенсиялык сактык” деген пенсионерлерге арналганбы?

– Туура, бул аманаттын түрү мурда эле бар болчу, кийинчерээк биздин пенсионер кардарлар келип пайызды көтөрүп берүүбүздү суранышкан. Биз алардын кызыкчылыгын эске алып, “Пенсиялык сактык” аманатынын пайыздык ченин жогорулатканбыз. Учурда бул кызматтан пайдаланган пенсионер кардарларыбыздын көпчүлүгү баштапкы суммадан тышкары түшкөн пайызды банктык картасына котортуп алышкан. Эми алар кошулган пайызды дүкөндөрдө колдонуп коммуналдык кызматтарды төлөп же жөн эле банкомат аркылуу накталай чечип ала алышат. Ал эми баштапкы сумма толук бойдон аманат эсебинде тура берет. 

 Эми аманаттын кийинки эки түрү менен тааныштырсаңыз.

– “Премиялык пайыз” жөнүндө мисал аркылуу түшүндүрүп берейин. Мисалы, сиз 1 миллион сомду 12 айга ачтыңыз дейли. Анын үстүнө ай сайын каражат кошуп турсаңыз болот. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот эмеспи. Эгер ортодо сизде акча муктаждыгы жаралса, баштапкы суммадан тышкаркы каражатты каалаган учурда банктан чечип ала аласыз. Мындай учурда банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимди бузууга туура келбейт, пайыз кошулуу улана берет. Бул аманат түрү ушунусу менен жеңил.

“Чоң пайыз” тууралуу кеп кылсак. Мында эки жол менен каражат салсаңыз болот. Биринде баштапкы суммага пайыз кошулса, экинчисинде аманаттагы акчаңыз канчалык көбөйгөн сайын үстүнө үстөк пайыз кошула берет. Мисалы, сиз баштапкы сумма катары 100 миң сом салдыңыз дейли. Ага пайыз кошулуп, каражатыңыз 115 миң сом болсо, андан кийинки пайыз 100 миң эмес, 115 миң сомго эсептелине баштайт. Кардарлардын көпчүлүгү аманаттын ушул түрүн тандашат.

Аманат ачууну каалагандар Кыргызстандын бардык аймагындагы "Росинбактын" филиалдарына же аманат кассаларына кайрылса болот. 

– Сиздердин банк аманат сактоо үчүн канчалык ишенимдүү?

– “Росинбанк” 2013-жылы ачылган жана банктын акционерлеринин курамында Кыргыз өкмөтү да бар. Аны кардарлар билишет. Биздин башкы артыкчылыгыбыз ушул. Андан тышкары банктын үстүнө жыл сайын ички жана эл аралык аудитордук текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Биз финансылык отчётторубузду кардарларга ачык эле кеңсебизге жана расмий сайтыбызга илип коёбуз.

Ошондой эле банк Кыргыз Республикасынын аманаттарды коргоо агенттигинин катышуучусу болуп саналат. 

“КЕСИПТЕШТЕРИМ МЕНИ “БАНКТЫН ПАТРИОТУ ”ДЕШЕТ”

Жылдыз Садыкова “Росинбанкта” 4 жылдан бери иштеп келет. Аны кесиптештери мыкты кызматкер эле эмес, жакшы адам катары да сыпатташат. 

– Жылдыз айым, банкта сиздин негизги милдетиңиз кардарлар менен мамилелешүү окшойт?

– Ооба, биздин башкармалык Кардарлар менен өз ара мамиле башкармалыгы деп аталат. Башкармалыкта кыргыз, орус, англис тилинде сүйлөгөн адистер иштейт. Келген кардарларга кеп-кеңеш берип, суроолоруна жоо берип кызмат кылабыз. Биз кардарларга жөн эле “кандайсыз?” деп койбостон, алардын ишине чындап кызыгып, ал тургай жолугушууларды уюштуруп, маектешип, тыгыз мамиледе болуп, ал-жай сурашып турабыз. Мисалы, мен ар бир кардардын эмне иш кыларын, туулган күнү качан экенине чейин билем. Убагында куттуктап же көрүшкөндө ишин сурап коюу алар үчүн да жагымдуу да.

– “Росинбанк” – сиз үчүн?

– Бул банк менин сүйүктүү жумушум. Бул иш мага дем берет, күч берет. Башка жерлерге салыштырмалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана ыңгайлуу. Бизде көбүнчө жаштар иштешет. Жаштар мобилдүү, позитивдүү жана энергиялуу болушат эмеспи. Алар менен тил табышуу да оңой. Жумуштан эмгек өргүүсүнө чыкканда сагынып калам. Ушундан улам мени кесиптештерим “банктын патриоту” деп коюшат. 

– Маегиңиз үчүн рахмат. Өнүгүп-өсүү каалайм.

close