Жаңылыктар

"Керемет Банк" бюджеттик чөйрөнүн кызматчыларына 4 айдын ичинде 411 ипотекалык насыя берди

15 тогуздун айы 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай – 2020» программасын ишке ашыруу максатында "Керемет Банк" ААК 2019-жылдын 30-майынан баштап «Социалдык ипотека» өнүмүнүн алкагында бюджеттик чөйрөнүн кызматчыларына 588,1 млн. сом суммасында 411 ипотекалык насыя бердиБул жөнүндө бүгүн «Керемет Банктын» ребрендингине арналган пресс-конференцияда башкармалыктын төрагасы Эркинбек Жумабаев билдирди.

  • «Социалдык ипотека» боюнча берилгендин ичинен 57% турак-жай насыяларын аймактардын тургундары алышты: 175 насыялар - Бишкекте, 236 - облустарда.

Баштапкы төгүмдүн суммасына жараша турак-жайлык насыя боюнча пайыздык коюм сом менен жылдык 6%дан 8%га чейинди түзөт жана 15 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын октябрынан тартып «Росинбанк» ААКнун акциялар топтомунун негизги ээлик кылуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп калды, 2019-жылдын майындагы кезектеги эмиссиядан кийин анын үлүшү 95%дан көптү түздү. Жүргүзүлгөн ребрендингден кийин «Керемет Банк» ААК «Росинбанк» ААКнун укуктарынын, активдеринин жана милдеттенмелеринин мураскору болуп саналат.


close