Жаңылыктар

"Росинбанк" ААК аталышын «Керемет Банк» ААК кылып өзгөрткөнү жөнүндө билдирет

15 тогуздун айы 2019

«Керемет Банк» ААК – «Росинбанк» ААКнун укуктарынын, активдеринин жана милдеттенмелеринин мураскору – бүгүн пресс-конференция өткөрдү, анда жаӊы логотибин тааныштырды жана ребрендинг жүргүзүү жөнүндө жарыялады, аны октябрь-ноябрда аягына чыгаруу мерчемделип жатат. 

2018-жылдын октябрынан тартып «Керемет Банк» ААКнун акциялар топтомунун негизги ээлик кылуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп калды. 2019-жылдын майындагы кезектеги эмиссиядан кийин анын үлүшү 95%ды түздү. Августта банктын акционерлеринин жалпы чогулушу «Росинбанк» ААК аталышын «Керемет Банк» кылып өзгөртүүнү чечти. Бүгүн пресс-конференцияда банктын башкармалыгынын төрагасы Эркинбек Жумабаев банктын өнүктүрүү стратегиясы, логотиби жана фирмалык түстөрү жөнүндө айтып берди.

Жаӊы логотип — үч түстүү үч бурчтук, ал нукура кыргыз салттарынан шыктануу алат. Анын негизине ачылган гүлдүн байыркы оюусу, боз үйдүн негизги түзүлүшүнүн элементи (кереге), үйдүн чатырынын символу жана кампанын метафорасы алынды, алар Кыргызстандын гимнинин сөздөрү менен үндөшүп турат «Ак мөӊгүлүү аска-зоолор, талаалар…». Логотиптин түстүк палитрасы кыргыз жергесин символдоштурган жашыл, көгүлтүр жана алтын түстөр менен берилген: ак мөӊгүлүү чокулар жапжашыл өрөөндөрдү жана жайлоолорду жан берүүчү суу менен азыктандырышат, өмүр тартуулашат жана республиканын аймагында жашагандын баарына өнүгүү жана Кыргызстандын гүлдөөсү үчүн иштөө мүмкүнчүлүгүн беришет.

«Керемет Банк» ААКнун Башкармалыгынын Төрагасы Эркинбек Алтымышевич Жумабаев банктын жаӊыртылган брендинин өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө айтып берди: «Бүгүн каржы мекемелери өздөрүнүн технологиялык платформаларын максималдуу ылдам кайра куруулары зарыл. «Керемет Банк» санариптик банкингди алга жылдыруунун үстүнөн активдүү иштеп жатат жана технологияларды өнүктүрүүнү улантат. Биз бизнес жана физикалык жактар үчүн аралыктан тейлөөнү ишке киргиздик, корпорациялык сегмент үчүн digital-долбоорлорду иштеп чыгып жатабыз, жакынкы мезгилде таптакыр жаӊы онлайн-өнүмдөрдү ишке киргизебиз. Азыр жогору ылдамдыктардын жана технологиялардын, инновациялардын жана стандартсыз чечимдердин доору, жана биздин стратегиялык максатыбыз – дүйнөлүк тренддер менен бир толкунда болуу. «Керемет Банк» жаӊы реалдуулук менен атаандашпайт, ал анын бир бөлүгүнө айланат. «Базардын чакырыктары санариптештирүүнүн жогору темптери, кардарлык активдүүлүктүн онлайнга орун которуусу жана аралыктан тейлөөнүн өнүгүүсүнүн жогору деӊгээли менен байланышкан. Биз банк чөйрөсүн санариптештирүү калк үчүн каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү алууну бир жактуу жеткиликтүү кыла турганын түшүнөбүз, ал эми бул каалаган өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү үчүн маанилүү түзүүчү».


close