Жаңылыктар

9-май – Улуу Жеңиш күнү менен!

8 бугу 2024

Урматтуу мекендештер!

Ар жылы 9-майда биз ата-бабаларыбыздын эрдиги, жеңишке жетүүдөгү кайраттуулугу тууралуу сыймыктануу менен кеп кылабыз. Албетте, бул окуяга өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, тарыхыбыздын урунттуу учурлары тууралуу жаштарга, келечек муундарга төкпөй-чачпай жеткирүү биздин милдет, алдыбызда турган ыйык парыз!

Элибиздин жаркын келечеги үчүн каны-жанын аябай кан майданда болгон ар бир жоокердин эрдиги эч качан унутулбайт!

Эл-жерибизде ар дайым бакубат жашоо өкүм сүрүп, Мекенибиз гүлдөп-өнүгүүнүн үстүндө болсун!

«Керемет Банк» ААК дагы бир жолу бардыгыңыздарды Жеңиш күнү менен кызуу куттуктайт!


close