Жаңылыктар

«Керемет банктын» кардарлары тейлөөгө аралыктан каттала алышат

23 чын куран 2024

«Керемет банк» ачык акционердик коомунун кардарлары эми тейлөөгө аралыктан каттала алышат. Тейлөө пунктунда кезегиңиздин келишин күтүп отуруунун ордуна, банкка жазылган убактыңызга келсеңиз болот.

Бул үчүн смартфонуңузга Earlyone тиркемеин көчүрүп, ал жерден өлкөнү, шаарды, «Керемет банкты», тейлөө точкасын, эсептик-кассалык тейлөө түрүн жана  өзүңүз  каалаган баруу убактыңызды тандашыңыз керек. 

Азырынча финансылык уюм тиркеменин мүмкүнчүлүктөрүн тесттик режимде колдонуп жатат, ал эми жакынкы мезгилде тиркеме аркылуу электрондук жазууга кошулган филиалдардын жана сактык кассалардын санын кеңейтет.

close